Тынч океанда кырсыкка учураган кемедеги балык уулоого чыккан эки жаран 15 сааттан кийин куткарылды

Тынч океанга жакын Торрес кысыгында кеме кырсыкка учурап, балык уулоого чыккан эки жаран мунай ташуучу кеменин жардамында куткарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Австралия менен Жаңы Гвинеянын ортосундагы Торрес кысыгында 37 жана 47 жаштагы эки жарандын кемеси жабыркап, кеме чөгүп кеткен. Алар бир жыгачка жармашып түн ичинде 10 чакырым аралыкты сүзүп, 15 сааттай сууда сүзүшкөн. Аларды мунай ташуучу "MT GODAM" кеменин капитаны байкап калып, куткарып калышкан. Куткарылган экөө ооруканага жеткирилген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан