Биз социалдык тармакта

Новосибирсктен "Ысык-Көл" аэропортуна алгачкы чартердик каттам учуп келди

Бүгүн, 8-декабрда "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту "S7" авиакомпаниясынын "Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул каттам менен 7 баланы кошкондо 169 жүргүнчү учуп келди. Чартердик каттам апта сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.

"Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз өлкөсүнө киришине чектөөлөрдүн алынганына байланыштуу туристтик сезонду жандандыруу аракети көрүлүүдө. Пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү кынтыксыз тейлөө, ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүп жатат", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2020-12-08 21:09:10
Билет баасы канча экен?
-1
Nur777
2020-12-09 10:48:11
Nur777,кечиресинер,чартердик деген жерин окубай калыптырмын))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан