Биз социалдык тармакта

"Санарип билим берүү. Келечек горизонттору" эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү

Бүгүн, 8-декабрда "Санарип билим берүү. Келечек горизонттору" эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган илимий-практикалык конференция Кыргыз өлкөсүндөгү Орусия, Казакстан, Украина, Беларусь, Түркия жана башка өлкөлөрдөн жогорку окуу жайлардын окутуучулары, илимпоздору, илимий-изилдөө институттарынын адистери, мектеп жана мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдары, кесиптик-техникалык окуу жайларынын өкүлдөрү чакырылган.

"Бүгүнкү күндө үч бөлүм боюнча илимий-практикалык конференцияга 114 адам катышып жатат:

  • 1-бөлүм: Билим берүү чөйрөсүндө санариптик компетенттүүлүктү өнүктүрүүнүн чечимдери жана ыкмалары - 32 адам;
  • 2-бөлүм: Аралыктан билим берүү байланышы - 34 адам;
  • 3-бөлүм: Аралыктан окутуу программаларын, мектепте жана кошумча билим берүү аянтчаларын түзүү жана ишке ашыруу тажрыйбасы - 48 адам.

Конференцияга Кыргыз өлкөсүндөгү 16 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү жана 15 эл аралык жогорку окуу жайлары катышты. Алардын ичинен 12 илимдин доктору, 16 илимдин кандидаты, 3 илимий изилдөөчү, аймактык институттардын жетекчилери, аймактык усулдук борборлор, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын орун басарлары, директорлор жана мектеп, кесиптик лицейлердин мугалимдери", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

"Санарип билим берүү. Келечек горизонттору" эл аралык илимий-практикалык конференциясы Билим берүү жана илим министрлиги жана республикалык "Алтын түйүн" балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан