Желим таштанды менен планетаны булгаган дүйнөгө белгилүү компаниялардын тизмесин "Break Free From Plastic" дүйнөлүк экологиялык кыймылы жарыялады.
Экологиялык кыймыл 55 өлкөдөн 15 миңге чукул ыктыярчы менен биргеликте желим бөтөлкөлөрдү тазалоо жана бренддерди текшерүү өнөктүгүн жүргүзгөн. Жыйынтыгында алар 346 миң даанадан ашык желим бөтөлкө чогултушкан. Топтолгон таштандынын 63%дан көбүн ири компаниялардын бөтөлкөлөрү түзгөн.
Эң көп төмөнкү компаниялар аталган:
Жогорудагы тизме болгону желим таштандылардын жайылышына салым кошкон жүздөгөн бренддердин алдыңкы ондугу. Албетте, алардын ар биринин бул маселени чечүү жолдорун издеп табууга дарамети жетет. Бирок ага карабастан алар пластикалык бөтөлкөлөрдү колдонууну улантып келет.