Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки күндөн бери Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр иш сапарын Балыкчы шаарынан баштап, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда улантып, Каракол шаарына барган.
"Иш сапардын алкагында министр Алмазбек Бейшеналиев окуу процесси реалдуу режимде жанданган мектептерге барып, окуучулардын сабактарына катышты. Ошондой эле ал тиешелүү адистер менен кооптуу абалдагы мектептерди талкуулады", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Алмазбек Бейшеналиев 2020-жылы октябрь айында Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.