Жалал-Абад шаарында "Мыкты санарип класс жетекчи 2020" аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, сынакка шаар аймагындагы мектептердин мугалимдери катышкан.
"Сынактын жыйынтыгында №2 Кадыр Закиров атындагы мектептин башталгыч классынын 32 жаштагы мугалими Наргиза Нишанова биринчи орунга ээ болду. Сыйлыкты шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев тапшырды", - деп жазылат мэриянын маалыматында.