Биз социалдык тармакта

"Сөөктү коюуга бош жер тилкелер жок". Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнү 2021-жылдан тарта жабылат

Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январынан тарта жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

"Көрүстөндүн жабылышына сөөктү жерге берүүгө жер тилкесинин жоктугу, "Ала-Арча", "Жер-Ынтымагы" конуштарынын тургундарынын кайрылуулары жана Мамэкотехинспекциясы, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору, "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын корутундусу себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Мындан кийин каза болгон жарандардын сөөгү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Грозь айылында жерге бериле баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан