Орусия Кыргыз өлкөсүнө мобилдик лаборатория тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан коронавирустук инфекция маселесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.
Аталган иш-чарада Кыргыз өлкөсүнө мобилдик лабораторияны тапшыруу аземи болду.
"Аталган мобилдик лаборатория ар кандай бактерияларды, вирустарды, анын ичинде коронавирус инфекциясын, ошондой эле азык-түлүктү, топуракты изилдөө үчүн иштелип чыккан", - деп жазылат маалыматта.