Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги SUPER.KG порталына чыккан макала боюнча түшүндүрмө берди

SUPER.KG порталына 7-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылындагы №26 "Айданек" бала бакчасы толугу менен күйүп кеткендиги кабарланган. Аталган айылдын тургуну Илгиз Кантемир уулу SUPER.KG порталына өрт тууралуу айтып жатып, өрт өчүрүү кызматы 2 сааттын ичинде келгенин билдирген.

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги SUPER.KG порталына түшүндүрмө берди.

"Өрт кырсыгы тууралуу маалымат саат 00:15те келип түшкөн жана өрт болгон жерге Аксы району боюнча ӨКМнын №70 өрт куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүүчү унаасы саат 00:18де жөнөтүлүп, өрт болгон жерге саат 01:29да (71 минута) жетип барган.

Өрт кырсыгы катталган Сыны айылы өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 45 чакырым алыстыкта, тоолуу аймакта жайгашкандыктан 45 чакырым аралыкты 71 минутада басып өткөн", - деп жазылат мекеменин маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kattaldym
2020-12-09 21:07:34
Математика боюнча маселе го өзүнчө эле. Ошондо өрт өчүргүчтөр саатына канча км ылдамдык менен жүрүшкөн деген суроо эле жетпей калыптыр)
-1
nurbek11
2020-12-09 21:20:30
Тоолу район кыш кар түнкү жол. Менимче туура эле 71 минутада барса. Анан эмне ошончо суусу менен 120 менен жүрөт беле.
+2
asefsa
2020-12-09 21:20:31
Сыны айылында ОЗУ орт очуруучу унаасы жокта, райондун центринен келгенче Ошо болотта
+1
Dastanali
2020-12-09 22:46:03
Аксы району чоң ошондуктан МЧС дагы көңүл буруп кошумча пожарный ачыш керек райондун борборунда эле бар экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан