Бишкекте "акылдуу" аялдамаларды орнотуу пландалууда. Бул тууралуу брифингде шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов бирдирди.
Анын айтымында, транспорттордун каттамдары жана аралыктары тууралуу электрондук маалыматтык стенд коюлат.
"Акылдуу" аялдамада интернет, тагыраагы, Wi-Fi орнотуу жана кыш мезгилинде жылуу болушу керек. Мындай аялдамалар өнүккөн өлкөлөрдө коюлуп жатат. Бирок бул пландар ишке ашуу мөөнөтүн айтуу кыйын", - деген Нурлан Атыканов.