Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормасынан 12 эсе ашып кетти

Бүгүн, 10-декабрда саат 09:50гө карата Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормасынан 12 эсе ашып кетти. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 304 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 323). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Аламүдүн-1 кичи району – 289 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 516).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurmat92
2020-12-10 23:40:26
Кайсын Кулиев көчөсүндө шыгыраган шишкебекчилер бар, жолго коюп алып түтөтүп бышырып отурат. Тазалаш керек ошолорду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан