Биз социалдык тармакта

Кадамжайда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери №46 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте кооптуу аймактарда жетишпеген жол белгилерин орнотуп, жол боюна коюлган жол белгилерин текшерип чыгышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Мындан сырткары, жол кырсыгынын алдын алуу жана болтурбоо максатында кышкы даярдык боюнча жүргүнчү ташуучу коомдук жана жеке менчик маршруттук таксилер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда коомдук унааларды башкарган 3 айдоочуга протоколдор толтурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан