Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарында вице-мэрлик орунга жаңы жетекчилер дайындалды

Бүгүн, 10-декабрда Жалал-Абад шаарынын эки вице-мэрлик орунга жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр Нуртилек Орозбаев биринчи вице-мэр болуп дайындалды. Нуртилек Орозбаев 29 жашта. Ал сентябрь айында коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалып, 6-октябрдан тарта мэрдин милдетин аткарып турган.

Ал эми коммуналдык маселелер боюнча вице-мэрликке Элдос Таев дайындалды. 39 жаштагы Элдос Таев шаардык кеңештин депутаты болчу", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Мэр Эрнисбек Ормоков жаңы дайындалган вице-мэрлерди мэриянын аппаратына тааныштырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан