Депутат Марлен Маматалиев айдоочулук күбөлүк боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Социалдык тармактарда 3 күндүн ичинде айдоочулук укуктарды алып берем деген маанидеги жарыялар чыгып жатат. Аларды текшерүү керек", - деди ал.
Депутат Эрмамат Тагаев “Түндүкэлектро” ачык акционердик коомундагы электр эсептегичтерин сатып алуу боюнча тендер маселесине токтолду. Депутаттын пикири боюнча, эсептегичтердин баасын кымбаттатуунун эсебинен миллиондогон сом акчалар уурдалып жаткан болушу мүмкүн.