10-декабрда парламенттин жыйынында депутаттар мектептердин курулушу боюнча маселе көтөрүштү.
Депутат Бактыбек Раимкулов аймактардагы мектептердин курулушу боюнча маселе койду. Ал Чүй облусунда бардык мектептер окуучуларга толуп, кээ бирөөлөрү авариялык абалда экендигин айтты. ”Капиталдык салымдар” беренеси боюнча маселе көтөргөн депутат Аида Касымалиева 70 пайыз бүтүп калган мектептер биринчи кезекте каржыланууга тийиш экендигин белгиледи.