Биз социалдык тармакта

Нуржигит Кадырбеков: "Фонограмманы токтотуп, жандуу үн менен ырдоо керек"

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков фонограмманы токтотуп, жандуу үн менен ырдоо керектигин жергиликтүү маалымат каражаттардын бирине айтып өттү.

"Сахналарды ачып бердик. Эми бир өзгөрүү менен чыксак. Фонограмманы токтотуш керек да. Бул талапты коюп жатабыз, бирок акырындык менен ишке ашырабыз го. Жол-жобосун карап жатабыз. Мисалы, бир концертте 2-3 ырыңды жандуу комуз же гитара менен ырдап бер дегендей кылабыз го. Андан кийин акырындык менен жандуу эмес, фонограмма кыла турган болсо ырчыларга эмес, ошол мекемени ижарага бергендерге чара көрүш керек. Анткени ырчылар эркин, аларга кандай чара көрөсүң? Мекемелер программасын, репитициясын карап, ошондон кийин гана уруксат бериши керек.

Бизде таланттуу кыздар, балдар аябай көп. Жандуу үн менен ырдашы керек. Бул өтө маанилүү нерсе. Бул маселени жобо даярдап көтөргөнү жатабыз", - деген Нуржигит Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bond02
2020-12-10 22:02:11
Туура кылат, фонограмма менен ырдамыш болуп элди тоногондорун токтотушсун.
+30
Gukush8993
2020-12-10 22:21:57
Туп туура ошондо гана ырчыны ырчы десен болот.Тойго барып фонограмма менен созуп коюшат кичине мээнет болсун.
+19
Asel69
2020-12-10 22:22:31
Бул идея жакшы бирок ишке ашыруу кыйын. Нуржигит жаштарды диний фанатизмге үндөбөгөн мыкты жигит. Бирок маданий шоу бизнес жагын тушуно билбеген адам.
-29
uitmor
2020-12-10 22:45:46
Колдойм акырындап иргелет эле,бираз болсода маданияттын онугушуно салым болмок. Порнографияга да толук тыйуу салынса ушундай министирлер демилгелеп. Ушундай маселелерди жонокой адамдар,активисттер которуп чыкканы менен угулбайт экен да баарибир.
+21
BKanietovna
2020-12-10 22:45:58
Ээн тура жандуу ун менен ырдашса жакшы болмок ошондо кичине Бир сыйра ырчылар тазаланмак
+18
ilbirs
2020-12-10 22:47:53
Туура, андай кылбаса эч кандай таланты жок адамдар фонограмма менен ырдап маданияттын аркандай наамдарын алып жатканны кобойду. Мисалы: Мирбек Атабековго окшогон.
+16
NURSAPAR
2020-12-10 22:58:39
Азамат кош колдоп колдойбуз. Мүмкүн болсо анча мынча берилген наамдарын кайтарып алуу керек.
+13
Alinur96kg
2020-12-11 00:45:27
Анда бизде 10 чакты эле ырчы калат ко.
+12
Asanali
2020-12-11 02:43:07
Туура жандуу ун менен ырдоо керек, антпесе фонограмма менен ырдашым, чыныгы ырчылардын да абройун тушуруп жатышат.
+10
alym21
2020-12-11 09:13:53
Анжелика эмне болот анда)))
+12
bekbol2006
2020-12-11 10:32:24
Баракелде мен колдойм
+4
madina.87
2020-12-11 10:50:50
Анжела кечээкидей каяша айтып чыгат бекен эми ушуга да?
Бир жерин кысып олтуруп калгандыр, чакчаңдап жатты эле
+6
Nuri1988Elim2010
2020-12-11 14:53:11
Фонограмма менен жүргөндөр эми чыгышат чекесинен какчындап, эң туура болот жандуу үн менен болсо,
+2
Yahoo
2020-12-26 17:20:28
Концеррттер ото турган бир концертный зал да кургула эми.Кооз сахнасы,жасалгасы, ынгайлуу креслолору менен.Спорт сарайындагы креслонордо концерт буткончо кочугун талып бутмой болду.
+1
ekaterinburg
2021-02-03 20:23:25
Туурале
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан