Биз социалдык тармакта

Бишкекте эртең Жаңы жылдык жарманке башталат

Бишкек шаарында эртең, 11-декабрда Жаңы жылдык жарманке башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке 11-декабрдан 29-декабрга чейин уланат. Анда Биринчи Май районунун чакан ишканаларынан жана өндүрүүчүлөрүнүн өндүрүмдөрү коюлат.

"12-13-16-23-29-декабрда саат 14:00дөн 17:00гө чейин концерттик программа тартууланат. Ошондой эле жарманкеде бардык санитардык нормалар сакталат", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Жарманке Курманжан датка эстелигинин жанында саат 12:00дөн 18:00гө чейин болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан