Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Куттуу боз үй" аталышындагы көргөзмө башталат

Бүгүн,11-декабрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Куттуу боз үй" аталышындагы көргөзмө ачылат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 11-25-декабрь күндөрү өтөт, андан кийин Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында уланат.

"Бул көргөзмө "2020-жылдагы искусство чөйрөсүндөгү стипендия" демилгесинин негизинде "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен уюштурулат. Сүрөтчү Алтынай Осмоева кыргыздын боз үйүнүн түзүлүшүнөн, каада-салт сактаган салттуу маанилеринен эргүү алып, жаратмандык көз карашын заманбап искусство жана дизайн аркылуу коомчулукка тартуулайт. Сүрөтчүнү шыктандырган боз үйдүн көрктүүлүгү, түзүлүшү жана философиясы кийизден жасалган заманбап искусство объектилеринде көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөнүн визуалдык катарын жарык жана үн орнотуулар, сүрөттөр, видеотасмалар толуктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан