Өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун агып киргенинен чыгышы көп болууда. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 11-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 297 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күнүмдүк агып кириши секундасына 195 метр куб. Ал эми агып чыгышы секундасына 685 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.