Биз социалдык тармакта

Венгрия Кыргыз жарандарын университеттеринде окуу үчүн 150 орун берет. Кайсы багыттар боюнча? (тизме)

2021-2022-жылдагы окуу жылына карата Венгриянын Жогорку окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 150 орун бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2021-2022-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн төмөнкү багыттар боюнча 150 орун бар: 1. Бакалавр боюнча (65 орун) - медицина, маалыматтык технологиялар, инженерия, табигый илимдер, айыл чарба, социалдык илимдер, экономикалык илимдер, саясий илимдер, спорт илимдери;

2. Магистратура боюнча (65 орун) - медицина, маалыматтык технологиялар, инженерия, табигый илимдер, айыл чарба, социалдык илимдер, экономикалык илимдер, саясий илимдер, спорт илимдери;

3. Докторантура боюнча - (20 орун) - бардык багыттар.

Толук маалыматы Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтынан алсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан