Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймактарга туман түшөт. 12-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 12-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт, жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -9….-14, күндүз -4…+1;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарын дубанында түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -2…-4 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан