Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жараны унаа айдап бара жатып 73 жаштагы аялды өлтүрө сүздү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 11-декабрда болгон. Анда 52 жаштагы Кыргыз жараны кичи автобусту башкарып бара жатып, пенсионерди сүзүп алган. Ал окуя болгон жерден жан берген.
"Каза болгон жаран Санкт-Петербург шаарынын 73 жаштагы жашоочусу болгон. Пенсионер жолду туура эмес жерден кесип өтүп, кырсыкка кабылды. Жол кырсыгы боюнча айдоочуга кылмыш иши козголду. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда", - деп жазылат маалыматта.