Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Абай атындагы Кыргыз-Казак маданий борборунун ачылыш салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун, Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Кайрат Нурпеисовдун, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин катышуусунда бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен өттү.
"Абай атындагы маданий борбор казак элинин классиги Абай Кунанбаевдин адабий мурасын пропагандалоо жана жайылтуу максатында ачылды. Абай Кунанбаев – казак элинин улуу акыны, философ-гуманист, композитор, көркөм сөз өнөрүнүн зергери. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы, окурмандар арасындагы сүйүктүүлүгү казак элинин маданиятын калыптанышы үчүн түрткү болду. 2020-жыл Түрк маданиятынын эл аралык уюму (Түрксой) тарабынан Абай жылы деп жарыяланган", - деп жазылат маалыматта.
Борбордун негизги милдети – Кыргыз жана Казак элинин ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоо, эки өлкөнүн илимий, маданий жана башка уюмдары менен өз ара пайдалуу жана эффективдүү байланыштарды орнотуу жана кеңейтүү.