Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда бир аптада 42 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда бир аптада 42 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, облус аймагында 5-декабрдан 12-декабрга чейинки аралыкта 1 миң 307 айдоочу жол эрежелерин бузган.

Анын ичинен 42 айдоочу унааларын мас абалында, 450 айдоочу катуу ылдамдыкта, 4 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алган болсо, 811 айдоочуга ар кандай эреже бузганы үчүн протоколдор түзүлгөн. Жалпы 58 автоунаа атайын айып короого токтотулган.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын кызматкерлери айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүлөрү керек экендигин эскертишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан