Бишкекте 11 ай ичинде 174 миң 379 айдоочу жол эрежесин бузган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Алар:
-айдоочулук күбөлүгү жок авто унаа башкарган 3375 айдоочу;
- авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдаган 924 айдоочу;
- унааны мас абалында башкарган 2683 айдоочу;
- бейбаштык кылган 41айдоочу .
Ошондой эле 19 миң 91 унаа убактылуу айып төлөөчү короо жайына токтотулган.
Түзүлгөн протоколдордун негизинде 273 миллион 350 миң 500 сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 95 миллион 837 миң 565 сом өндүрүлгөн.