Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык дагы 23 байкоочуну каттады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
"12-декабрына карата БШК 19 өлкөдөн 9 эл аралык уюмдардан 78 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады. Өлкөдөгү Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн - 1 байкоочу, шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнөн - 1 байкоочу, Молдова БШК - 2 байкоочу, КМШ ПАА - 34 байкоочу, КМШ миссиясы - 4 байкоочу, Азербайжан БШК - 1 байкоочу, ЕККУ ДИАУБ - 33 байкоочу, РФ БШК - 1 байкоочу, К. Аденауэр атындагы фонддон - 1 байкоочу катталды", - деп жазылат маалыматта.