Биз социалдык тармакта

Улуттук адабият күнүндө Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” спектакли коюлду (сүрөттөр)

Кечээ, 12 – декабрь “Улуттук адабият күнүнө” карата Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” спектакли Токтоболот Абдымомунов атындыгы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын артисттери тарабынан коюлду.

Ага премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиков, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, акын – жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.

Жарандардын коопсуздугу үчүн, бардык санитрадык – эпидемиялогиялык талаптар так аткарылды.

"Кылым карытар бир күн" романынын негизинде даярдалган спектаклди Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров сахналаштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sultan_bek
2020-12-13 11:43:11
Айтматов кыргыз элинин пир тута турган адамы. Ар бир жакшылык иштерди Айтматовтун батасы менен баштасак. Ар бир мамлекеттик иш чараларда Айтмотовтун осуятын эскерип турсак эн жакшы болот. Кыргыз эли руханий жактан Айтматовтой улуу инсандардын осуятына таянсак. Тенирим жакшылыктарды гана буюрсун
0
mira28
2020-12-13 15:03:54
Мен да баргым келди. Театр жузун корбогонумо коп болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан