Биз социалдык тармакта

Жылуу кийиниңиз! Бир аптага карата аба ырайы

Бишкекте 13-17-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй жана Талас облусунда 13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, бирок кээ бир райондордо туман түшөт. Калган күндөрү күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда 13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, айрым райондордо туман түшүшү мүмкүн. 14-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаап, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 14-декабрда күндүз жана 15-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. 15-декабрда күндүз жана 16-17-декабрда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Ысык-Көл облусунда 13-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 13-декабрда күндүз жана 14-15-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаайт. 16-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-декабрда күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда 13-14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 14-декабрда күндүз жана 15-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. 15-декабрда күндүз жана 16-17-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан