Биз социалдык тармакта

Балбак Түлөбаев: "Бишкектеги мыйзамдаштырылбаган үйлөрдүн баарына документ алып берем. Болор иш болуп, боёсу канды"

Бишкектеги мыйзамдаштырылбаган үйлөрдүн баарына документ берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.

"Бишкекте 47 конуш бар. Алардын арасында 7 миңге жакын үй мыйзамдаштырылган эмес, же паспорту жок, же күбөлүгү жок. Мисалы Ала-Тоо конушунда сибир жарасынын очогу бар. Анын тегерегине үй салынбаш керек эле, бирок салынып калыптыр. 15-20 жылдан бери айланасында эл жашайт. Ал аймактын тегерегин зым тикенек менен курчап, үстүн жаап, бетондоп берейин деп жатсам, 30 киши келиптир "ошону жасап бер" деп. "Аны силер жок эле жасаганы жатам" дедим. Себеби ал менин милдетим, аны мен жасайм. Мыйзамдаштырылбаган үйлөрдүн баарына документ алып берем. Болор иш болуп, боёсу канды" , - деди Балбак Түлөбаев.

Түлөбаев: “Гуля Алмамбетова эл көзүнчө, а мен жашынып сөгүнгөндү жакшы көрөм“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2020-12-13 19:41:46
Ак Ордо 3 жаңы конушунда да мыйзамдаштырыш берсе жакшы болот эле
+2
gul3ina
2020-12-13 21:08:40
Kuban-1207,колдойм
0
talant87
2020-12-13 23:33:24
Ачык айтыш озу кыйын созундо турса элге ишенич кирет айтып кылбаса анда билбейм
+1
Agayu
2020-12-14 00:52:11
Өнүккөн өлкөлөрдүн шаардан алыс чыккан жерлери Эми өтө сонун түшүп жатат .Бишкек тескерисинче жэ сырты эмес жэ ичи эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан