Биз социалдык тармакта

КМШнын эл аралык "Үмүт" сынагына "Балапан" аттуу кыргыз тасмасы катышат

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн "Үмүт" кино форуму сегизинчи жолу өтөт. Ага режиссёр Данияр Абировдун "Балапан" кыска метраждуу тасмасы катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумда эл аралык кыска метраждуу тасмалардын сынагы өткөрүлөт. Ага "Балапан" кыска метраждуу кыргыз тасмасы катышат. "Үмүт" кино сынагы коронавирустан каза болгон белгилүү түштүк кореялык режиссёр Ким Ки-Дуктун жаркын элесине арналмакчы.

Эл аралык "Үмүт" кино сынагы 22-декабрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөт.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан