Жалал-Абад шаардык мэриясы Жаңы жылдык жасалгаларга сынак жарыялады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жаңы жыл майрамына карата элге майрамдык маанай тартуулоо максатында “Эң мыкты көркөм эстетикалык жасалгалоо” сынагы жарыяланды. Ага менчигинин түрүнө карабай калаадагы бардык мекеме-ишканалар катыша алат. Сынакта көрнөк-жарнактардын мазмунуна, кооздугуна, тартылган сүрөттөргө, балатыларга, имараттардын сырткы жасалгасына жана тазалыгына көңүл бурулат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылат" , - деп жазылат маалыматта.