Биз социалдык тармакта

Кээ бир райондордо кар жаайт. 15-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 15-декабрда түнкүсүн жана күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Нарын дубанында түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -4…-9 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан