Биз социалдык тармакта

Президенттик шайлоодо коомдук тартипти 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Бүгүн, 14-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков министрликтин бөлүмдөрүнүн жетекчилерине алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Анда өлкө боюнча 2420 шайлоо участкасында коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миң милиция кызматкери тартылат. Ар бир участкага жооптуу кызматкерлер дайындалары белгиленди.

“Коомдук тартипти сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүү зарыл. Милиция мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп, мыйзамдарга ылайык, ыкчам чараларды көрүшү керек. Укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алып, алдыга коюлган тапшырмаларды так аткарып, элдин ишенимин актап, эң негизгиси саясаттан алыш болушу керек”,- деди Улан Ниязбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-12-14 15:50:20
Милиция жакшы караш керек тартипти Садырга ичи күйгөндөр көп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан