Бишкектин Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн келишиндеги жаңы сейил бакка видео камера коюу пландалып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, видео камераларды коюу үчүн тендер жарыяланды.
"7,5 гектар аянтка 52 даана видео камера коюлуп, сейил бактын бардык жашыл зонасына шаардыктар үчүн Wi-Fi (чектөөсүз интернет) орнотулат. Жаңы сейил бакка видео камера коюу үчүн 2 миллион 634 миң сом каралды", - деп жазылат мэриянын маалыматында.