Биз социалдык тармакта

Тойканада той эмес, алгачкы ирет акыл таймаш өттү

Тойканада той эмес, алгачкы жолу акыл таймаш өттү. Бул туурасында SUPER.KG порталына уюштуруучу Сыймык Саипов билдирди.

"12-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Тельман айылындагы тойканалардын биринде "Акыл таймаш" өттү. Мындай иш-чараны өткөрүү айылыбыздын имамынын демилгеси болду. Биринчи жолкусу жалаң жигиттер арасында өттү. Жалпысынан оюнга 10 команда катышып, диплом, сертифкат, балуу сыйлыктар менен сыйланышты. Муну менен эле токтоп калбай алдыда дагы ушул сыяктуу таймаштарды өткөрүп турууну пландап жатабыз. Жакында ушул эле оюндун экинчи туру болот. Биздин максат жаштарды китеп окууга, билимге, илимге тарбиялоо болуп саналат", - дейт Саипов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан