
Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү бир катар эл аралык аба каттамдарын кайрадан жандандырды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Өзбекстан жана Орусияга үзгүлтүксүз эл аралык каттамдар, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларына ички авиакаттамдар калыбына келтирилди.
Бишкек-Стамбул-Бишкек, жумасына 1 жолу, "АвиаТраффикКомпани";
Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 5 жолу, «Түрк аба жолдору»;
Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 7 жолу, «Пегасус Эйрлайнс»;
Анталия — Бишкек — Анталия, жумасына 1 жолу, «Пегасус Эйрлайнс».
Москва — Бишкек — Москва, жумасына 1 жолу, «Аэрофлот»;
Бишкек — Москва — Бишкек, жумасына 1 жолу, «АвиаТраффикКомпани».
Алматы — Бишкек — Алматы, жумасына 2 жолу, «Эйр Астана».
Бириккен Араб Эмираттары:
Дубай — Бишкек — Дубай, жумасына 3 жолу , «Флай Дубай».
Ташкент — Бишкек — Ташкент, жумасына 1 жолу, «Узбекистон хаво йуллари».
Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүчү үзгүлтүксүз каттамдар «АвиаТраффикКомпани» жана «Tez Jet» авиакомпаниялары тарабынан ишке ашырылууда:
Бишкек — Ош — Бишкек, «Tez Jet» күнүнө 3 жолу (жумасына 21 каттам).
Бишкек — Ош — Бишкек, «АвиаТраффикКомпани» күнүнө 1 жолу (жумасына 7 каттам).
Жалал-Абад — Бишкек — Жалал-Абад, жумасына 1 жолу «Tez Jet».
Бишкек — Баткен — Бишкек, жумасына 1 жолу «Tez Jet».
Исфанага ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык багыттар боюнча учуунун жыштыгын көбөйтүү маселеси каралууда.