Бишкек шаарындагы атайын мектеп жана бала бакчалардын иши жандандырылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрда вице-мэр Айжан Чыныбаев шаардык билим берүү башчысы Элмира Иманалиев менен биргеликте кеңешме өткөрүп, ага райондук администрация өкүлдөрү, райондук билим берүү башчылары жана атайын мектеп, бала бакчалардын кызматкерлери катышты.