Депутат Мурадыл Мадеминов пенсиянын камсыздандыруу төгүмүн чогултууну кайра Социалдык фондго өткөрүп берүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында билдирди.
“Камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну силер Салык кызматына берип коюп өтө туура эмес кылгансыңар, мунун жыйынтыгы тескери болуп калды. Социалдык фонддун жүгүн Салык кызматына жүктөбөш керек”, - деди депутат.
Жыйында Салык кызматы Социалдык фондго караганда төгүмдөрдү 1,5 эсе көп чогултканы айтылды.