Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Өлкөдө өсүмдүк майга болгон баа 20 сомго чейин жогорулады"

Өлкөдө өсүмдүк майга болгон баа бир аптада дагы 10-20 сомго жогорулады. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 3-декабрдан 10-декабрга чейин министрликтин аймактар аралык башкы башкармалыгы Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн облустарындагы базарлардагы азык-түлүктүн баасына анализ жасаган.

"Бишкек шаарындагы базарларда өсүмдүк майы 125-150 сомдон сатылып, мурдагы аптага салыштырмалуу 10 сомго жогорулаган. Чолпон-Ата, Нарын, Кочкор, Балыкчы, Каракол, Кара-Балта, Таласта баалар 5 сомдон 20 сомго чейин өскөн. Ал эми Токмок, Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларында баа өзгөргөн эмес.

Ал эми кумшекер жана күрүчкө болгон баалар өзгөрүүсүз бойдон калган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sofiya05
2020-12-15 09:37:07
Өткөн күнү 182 сом деп көрдүм эле
+1
asefsa
2020-12-15 09:53:12
20 сом эмес 50 сомдон кошулду, мисалы: мурун 90 сомдон (1л) алып жургон майды кечээ мен 140 сомдон алдым
+2
shankol88
2020-12-15 10:15:03
Кымбаттады Ноокаттаделе Ош областында кымбатабады дейт,Кымбаттады...
+1
Dastanali
2020-12-15 10:17:50
Бензин, продукты ж.б кымбаттап, кышында кыйналды го эл
+1
Sofiya05
2020-12-15 10:23:49
Баткенде кымбаттады, кымбаттатпай эмне аларга асмандан түшөт беле? Кызыл кыяда кымбат эле баардык нерсе.. .
+2
ulaAjidar
2020-12-15 14:05:44
Оздору кыдыр коруп жазбай эле,жардамчысынын сурап жаза берет окшойт..Каяктагы 20сом,50сомго эле которулдуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан