Биз социалдык тармакта

"Айдаганым Мерседес". Өлкөдө кайсы маркадагы унаалар көп катталганы айтылды

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айына карата Кыргыз өлкөсүндө 1 миллион 412 миң 206 автоунаа жана 1 миң 705 ар кандай маркадагы унаалар катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өлкөнүн жолдорунда Mercedes-Benz автоунаалары эң көп жүрүшөт (138 миң 262 унаа документтештирилген);

Экинчи орунду советтик жана орусиялык "АвтоВАЗ" автоунаа чыгаруучу компаниясы ээлейт (136 миң 539 унаа катталган);

Үчүнчү орунду 1992-жылдан бери Өзбекстанда чыгарылып келе жаткан Түштүк Кореянын Daewoo унаалары ээлейт (жалпы саны 133 миң 594 даана);

Япониянын "Toyota" жана "Honda" автоунаалары рейтингде 4-жана 5-орундарды ээлешти. Кыргыз өлкөсүндө 124 847 Toyota жана 117 миң 21 даана Honda автоунаасы бар.

Ошондой эле Түштүк Кореядан, Германиядан, Орусиядан жана Япониядан келген автоунаа бренддери 5-10-орундарды ээлешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан