Электр жабдыктары күтүү режиминде туруп, токтон ажыратылбаса деле электр энергиясын керектей берет. Бул тууралуу Улуттук электр тармагынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Электр жабдыктары колдонулбаган учурда күтүү режиминде калтырбай өчүрүп коюу керек. Ошондой эле керексиз маалда кубаттагычтарды да токтон ажыратуу зарыл. Болбосо, күтүү режиминде турганда алар электр энергиясын керектей берет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.