Биз социалдык тармакта

Айыл чарба министрлиги: "Өлкөдө сүт палатасы түзүлөт"

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде өлкөнүн сүт палатасын түзүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүт палатасын түзүү боюнча демилгелүү топтун курамына сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, фермерлер жана министрликтин тиешелүү адистери кирген.

Министр Тилек Токтогазиев: "Сүт палатасы инфраструктураны өнүктүрүү, ачык-айкын инвестициялык климатты түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча көптөгөн артыкчылыктуу функцияларга ээ болот. Ар бир тармактын өзүнүн адистери бар, тармакты өнүктүрүү жана өзүнүн саясатын жүргүзүү үчүн ассоциацияларды түзүп, олуттуу маселелерди чече алышат. Сүт палатасы ушундай ийгиликтүү мисал болуп калат”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан