"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Колу оозуна жетүү - өз алдынча жашоого жетишүү, мүмкүнчүлүгү болуу, турмуш шарты оңолуу. Мисалы: Бул үй колу оозуна жетпеген бир шордуунуку экенин сураштырбай эле билгидей. (К.Жантөшев)
2. Жылдызы жерге түшүү - көңүлү чөгүү, капа болуу, кабагы ачылбай түнөрүп калуу. Мисалы: Таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүнесе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң. (Ч.Айтматов)
4. Кандан-бектен кайра тартпаган - жалтанбаган, коркпогон, таамай, түз сүйлөгөн. Мисалы: Тоголок Молдо кандан-бектен кайра тартпаган, акыйкатка үндөгөн, жакырларга жан тарткан акын. (Ш.Бейшеналиев)