Биз социалдык тармакта

Нуржигит Кадырбеков: "Атыр, жатыр" деген сөздөрдү адабий тилде колдоно берсек тил байымак"

Бүгүн, 15-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай "Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү" аттуу семинар өттү.

Семинарды Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурду. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, белгилүү тилчилер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.

"Тилди оңдобосо башка тармактын оңолушу оор болот. Андыктан тилге өтө аяр мамиле жасоо керек. Мисалы Чынгыз Айтматов чыгармаларында "атыр", "жатыр" деген сөздөрдү колдонгон. Ошолор адабий тилге кирсе болбойбу? Өткөндө Чаткалга баргам. Чаткал тууралуу ыр жазып, бир жеринде көркүнө салып жатыры деп жазып койсом, ошол сөздү обонго салганда, "жатат" деп оңдоп коюшуптур. Тартынбай эле адабий тилди сөздөр менен байыта берсек анын эмнеси жаман? Айтматовдой адамдар жөн жазбайт деп ойлойм. Ошентип отуруп куштун канатын кырккандай тилдин канатын кыркып салып жатабыз", - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
joysin7777
2020-12-15 15:20:14
андан кийин сенам,менамдыда киргизип коелу деп бироо чыгат,тил оло байыйтта ошондо
+9
gul3ina
2020-12-15 15:45:52
Оюна келгенин айта беришет экен да тобо кылдым
-1
nazira...
2020-12-15 22:08:25
Сүйлөйт десе сүйлөй береби, ушу да министрдин сөзүбү, сага караганда базарда отургандар нормально сүйлөйт
0
33SUUN
2020-12-15 23:02:29
Жаны министрден ушундай сунуш тушуп жатса анда качан онолобуз ыя?
0
ZHaziko
2020-12-19 14:15:50
Жоок. Биз атыр жатырды киргизсеу эртен оштуктар чыгат меня сенямды да киргизгиле деп. Ошондуктан баардыгыбыз кыргыздыг чыныгы адабий тилинде суйлоону сунуш кылам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан