Борбор калаадагы мыйзамсыз жарнама такталары алынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
"Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда. Алгач атайын бөлүм Дэн Сяопин кең көчөсү жана Патрис Лумумба көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган 52 жарнама конструкциясын алды. Мындан тышкары, Жибек Жолу кең көчөсү боюнча Сүйөркулов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, Касымалы Баялинов көчөсү жана Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги 34 жарнама штендери жана 20 баннер алып салынды" , - деп жазылат маалыматта.
Бишкек мэриясы мыйзамсыз же туура эмес жерге орнотулган объектини көргөн жарандарга 0777 14 74 93 номуруна чалып билдирип коюусун суранат.