Депутат Иса Өмүркулов дүйнөдө аба ырайы жана жаратылышка байланышкан көйгөйлөр көбөйүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биз токой чарбасын сактап калышыбыз керек. Өкмөт өлкөдөгү табигый жагдайды эске алуу менен токой чарбаларын өнүктүрүшү зарыл. Анткени токой чарбалар каралбай калды. Чек аралары белгисиз, натыйжасыз бириктирилип калган чарбалар да бар", - деди ал.
Жогорку Кеңештин жыйынында токой чарбасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланды.