Депутат Абдывахап Нурбаев Бишкектеги кара түтүн боюнча токтом долбоорунун аткарылышы боюнча тийиштүү жетекчилерге чара көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жогорку Кеңеш токтом долбоорун кабыл алып берген. Токтом долбоор аткарылган эмес. Бул маселени парламенттин комитеттеринде карап, тийиштүү жетекчилерге чара көрүлүшү керек", - деди ал.
Вице-спикер Мирлан Бакиров бул маселени кароо комитеттерге жөнөтүлө турганын айтты.