Жети жаштагы кыргыз бала Барсбек Ажибаев "Лучше всех" шоусуна катышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Аталган көрсөтүү Орусиянын Биринчи каналынын долбоору.
Барсбек курулуш тармагына байланышкан бардык маалыматтарга кызыгат. Өзүнүн кыялындагы көк тиреген көп кабаттуу үйдүн долбоорун да түзүп койгон.
Барсбек ата-энеси менен Москва облусундагы Химки шаарында жашайт. Ал эми туугандары Кыргыз өлкөсүндө. "Лучше всех" берүүсүнүн соңунда Барсбек Ысык-Көлдөгү туугандарына салам жолдогон.