Зордукталган 13 жаштагы кыздын каты: "Апа, жашагым келбейт"

Ысык-Көлдө 13 жаштагы кыздын 6 ай бою 3 эркек тарабынан зордукталып жүргөнү маалымдалган. SUPER.KG порталы окуя катталган айылга барып зордукталган кыздын ата-энеси менен маектешти. Ал арада айыпталуучу тараптын жакындары "балдарыбыз ак болчу" деген пикирлерин айтышты.

Кыздын апасы бизге окуяны төмөндөгүдөй баяндап берди:

“Кызыбыз 2 уулдан кийин көргөн жалгыз кыз. Биз жолдошум экөөбүз мал карап кашарда турабыз. Кызым айылда чоң атасы менен жашачу. Кашарда жашаганыбыз менен күндүз айылда болуп, кечинде тамак-аш ичкен соң кетчүбүз. Окуянын баарын өткөн жылдын ноябрь айында кызыбыз бир күн үйгө келбей калгандан кийин гана билдик. Мурда такыр мынча убакытка жок болуп кеткен эмес, ошол үчүн аябай тынчсызданып, уктабай чыктык. Эртеси эле кошунабыз чалып калды, көрсө кызым алардын үйүнө келип отурган экен. Ыйлап эле эч нерсе айтпай отура берди, качан гана атасы кыйкырганда бизден бир көчө ары жакта жашаган Урмат деген менен шаарга барып келгенин айтты. Башка эч нерсе айтпай эле ыйлап отура берди. Качан гана тергөө башталганда 3 адам экенин билдик. Андагы абалымды түшүндүрүп бере албайм (ыйлап). Кызым азыр сүйлөшсөм эле “апа, жашагым келбейт,силер үчүн эле араң турам” деп ыйлайт. Учурда Кант шаарындагы кризистик борбордо”, - дейт кыздын апасы.

"Күнөөлүү тараптын туугандары келишип чоң суммадагы акча сунуштап жатышат, бирок мен кызымдын тагдырын кантип акчага сатам" деп көзүнө жаш алган кыздын атасы буларга токтолду.

“Азыр кызымдын абалы кандай экенин айтып бере албайм. Айыпталуучулардын бирөөсү 7 жылга соттолуп, экөөсү акталып чыкты. Кызым аларды уккандан бери абалы дагы начарлады. Акыйкаттык барбы бизде? Жаш балдардын укугун ким коргойт? Бул жерде 13 жаштагы кыздын тагдыры талкаланып жатканын ким түшүнөт? Кызым азыр апасынан башка эч ким менен сүйлөшпөй жатат (ыйлап). Күнөөлүү тарап акча сунуштап келишкен, мага алардын бир тыйыны дагы керек эмес. Мен кызымдын жашоосун ушундай абалга алып келгендер өз жазаларын алмайынча тынч албайм. Айыпталуучулардын биринин атасы "анын кызы мурда эле жаман жүргөн" дептир. Ал дагы бул сөзү үчүн жооп берсин. Өзүнүн баласын акташ үчүн эмнеге менин кызыма жалган жалаа жабат?! Жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылат элем, ушул маселенин акыйкат чечилүүсүнө жардам бериңиздер”,- дейт кыздын атасы.
Он үч жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын жакындары соттун чечими туура деп эсептешет. Алар биз барганда колдоруна плакаттарды кармап, тосуп алышты.

“Сотко абдан ыраазыбыз. Ал балдардын күнөөсүз экенин далилдеп, актап берди. Бирок ага карабай кыздын ата-энеси кайрадан ызы-чуу чыгарып жатат. 13 жаштагы кыз али бала да, ага үйрөтүп койсо айта берет экен да. Эгер ошондой иш болгон болсо биз өзүбүз айтат элек. Эки бала акталып, бир агабыз камалып кетти. Ал менен аталаш тууган болобуз. Атабыз өтүп кеткен, өзүбүз араң жашайбыз. Учурда иним ооруп, ордунан тура албай үйдө жатат. “Ак ийилет, бирок сынбайт”. Мен жогору жактагыларга, кыргыз элиме кайрылат элем, бизге жардам бериңиздер. Биздин балдар ак, күнөөсүз”,-дейт айыпталып жаткан балдардын биринин агасы.

“Бир жылдан бери ушул иштин аркасынан жүрүп, үйүмдө үрүп чыгар итим калбады”, - деген айыпталуучунун апасы төмөнкүлөргө токтолду.

“Бир жылдан бери сүйрөп жүрүшүп, ушул күнгө келдик. Эми балдарыбыз акталып чыкса дагы токтоп калбай кайра каматабыз дешип жатат. Ушул иштин аркасы менен жүрүп короомдо үрүп чыгар итим калбады. Балам оорукчан болуп калды. Азыр үйдө жатат. Аны ооруканага көрсөткөнгө да акчам жок отурам”, - дейт айыпталуучунун апасы.

Зордукталган кыздын атасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ага карабастан кызымдын тагдырын талкалагандарга карата соттун адилет чечими чыгышына болгон күч аракетин жумшаарын айтат. Акыйкаттыка жетүү үчүн анын бир тууган иниси да бул ишке аралашып, учурда Бишкекте тиешелүү адамдардын эшигин кагып жүрөт. Сөз соңунда ал айыпталуучу тарап жашы жете элек кызга түрдүү-түмөн күнөө илгендин ордуна балакатка жете элек кызды мындай байланышка тартуу бачабаздык экенин түшүнүшсө деген пикирин кошумчалады.

13 жашында 6 ай зордукталган кыздын окуясы: тараптардын талаш тартышы
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Rakyl12
2020-12-16 16:56:47
Зордуктагандар акмактар, бирок кызда эмнеге шаарга барат."Ыйлап эле эч нерсе айтпай отура берди, качан гана атасы кыйкырганда бизден бир көчө ары жакта жашаган Урмат деген менен шаарга барып келгенин айтты.
http://www.super.kg/kabar/news/337347/"
+5
nazira...
2020-12-16 17:09:19
13 жаштагы школница кыз нени билет. Гилейген, аялы бар туруп неге кызындай кызды азгырат, кантип дити барды жаман жолго. Дагы долуланып ыйлап алышканын кара, эркектери баш болуп. Сабак болсун башкаларга. Ооруп атат имиш, өлүп эле калбайбы ошонон көрө, аркы дүйнөдө ошо жаман иш кылган уяттуу жеринен башталаарын билбейт бекен наркы 5убак намаз окуганы. Тооба, баарыбызда кыз бар кудай сактасын мындайлардан.
+17
JaneEr
2020-12-16 18:07:33
Учоону тен бычып салыш керек,камап багып отурбай...
+10
nargiz-sa
2020-12-16 18:45:24
Садыр эмне деп чечип берет экен?
+4
nargiz-sa
2020-12-16 18:46:55
Аллах пенделерине ыйман бер. Заман кайда баратат. Кыздары кордолгон улуттун келечеги жок.
+5
nargiz-sa
2020-12-16 18:49:59
13 жашар кыз кантип азгырат?
+8
tsunse
2020-12-16 23:10:50
Туугандар бул жерде баары акыйкат жолу менен чечилиш учун ал кыздан экспертиза алыш керек бир эмес беш жерден текшертиш керек . Ошондо баары билинет го .
0
slim312
2020-12-20 11:29:10
Ушул тангалычтуу болуп жатат. Кандайча эл жарым жылдан бери зордуктап журушуп, ата-энеси, эч ким билбей журду? Бир жолу, же эки жолу болсо дагы мейли. Анан кандайча жарым жылдан бери болуп жатты?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан