Ысык-Көлдөгү 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча үчүнчү соттолуучуга карата чыккан өкүм күчүндө калтырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин 41 жаштагы У.К. аттуу айыпталуучунун жактоочусу Ысык-Көл облустук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирген.
"Натыйжада аталган жактоочунун өтүнүчү каралып, бирок канааттандырылган эмес. Үчүнчү айыпталуучу 20 жылга эркинен ажыратылган, бул өкүм күчүндө калды", - дешти Жогорку Соттон.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков күнөөлүүлөрдү кылмыштын курамы жок деп актап, айыпталып жаткандар сот залынан бошотулганы, ал эми үчүнчү соттолуучу 7 жыл 5 айга эркиндигинен ажыратылганы коомчулукта нааразычылык жараткан.
Кийин 2021-жылдын 29-мартында Ысык-Көл облустук соту буга чейин 7 жарым жылга эркинен ажыраткан соттолуучуну 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми райондук сотто акталган эки шектүүгө 15 жылдан берилген.